Кыргызстан боюнча ыңгайлуу арзан тур

Баанын ичинде:

Мезгил:

middle of June - September

Мүнөздөмөлөр:

0

Бул тур атайын аз чыгым коротуп бирок ошол эле учурда Кыргызстандын жаратылышы, маданияты жана эли менен жакындан таанышкысы келгендер үчүн арналаган.

от 36845 KGS (535$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 10 / Түн: 9

Турду брондоо
close

Аэпортко конуу, айдоочу менен жолугуу жана Бишкек шаарына трансфер. Гид жана айдоочусу жок шаар ичинде өз алдынча сейилдөө. Хостелде түнөө( жайгашуу саат 14:00дөн кийин).

Тамак-аш: камтылган эмес.

Эртең мененки тамактан кийин Кочкор айылына жол тартабыз. Жолдон “Бурана” мунарасын, сырттагы музейди жана балбал таштарды көрө кетебиз. Жеткенден кийин конок үйүнө жайгашуу. Кечинде айылда өз алдынча сейилдөө, таанышуу.

Кечки тамак жана түнөө конок үйүндө.

Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар.

Эртең мененки тамактан кийин Кыргызстандагы бийик тоолуу жана кооз көлдөрдүн бири Соң-Көлгө сапар. Боз үйдө түнөйсүңөр жана көчмөн элдин күнүмдүк жашоосу менен жакындан таанышасыңар. Боз үйдө түнөө.

Тамак-аш: үч маал.

Бир күн кечке Соң-Көлгө экскурсия.

Соң-Көл көлү 3016 метир бийиктикте жайгашкан, аянты 270 км, көлөмү 2,64 км. Көлдүн максималдуу узундугу 29 км, туурасы 18 км, жана эң терең жери 13,2 м. Бул   чоңдугу боюнча Ысык-Көлдөн кийинки экинчи көл.

Тамак-аш: үч маал

Эртең мененки тамактан кийин Жети-Өгүзгө жол тартабыз, бул өрөөн укмуштай кооз кызыл жарларга бай жана “жети өгүздүн” формасы бар жарды көрөсүңөр. Андан сырткары совет мезгилинде курулган жана азыркы күндө дагы эксплуатациядагы спа-борборго барсаңар болот. Бирок укмуш шарттарды күтпөгүлө, совет мезгилиндегидей эле иштейт. Андан кийин Көк-Жайык жайлоосуна (гүлдөрдүн өрөөнү) чейин барабыз. Боз үйлөргө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында тегеректеги тоолорго жана шаркыратмага экскурсия.

Тамак-аш: үч маал.

Бир күн кечке Жети-Өгүз өрөөнүн кыдырсаңар болот. Тоого чыгып жана шаркыратмага барабыз.

Тамак-аш: үч маал

Эртең мееннки тамактан кийин Каракол шаарына трансфер.

Каракол шаарына келгенден кийин жергиликтүү базарга, жыгачтан жасалган орус чиркөөсүнө, Дунган мечитине, Пржевальскийдин музейине чакан экскурсия уюштурулат. Пржевальский- Борбор жана Чыгыш Азияны изилдеген орус изилдөөчүсү. Ал Борбордук Азияны изилдөө ишине чоң салымын кошкон жана биринчи жолу жапайы жылкынын жалгыз сакталып калган түрүн сүрөттөп жазган жана ал анын атынан Пржевальскийдин аты болуп аталып калган. Түшкү жана кечки тамактар өзүңөрдөн.

Тамак-аш: эртең менеки тамак

Эртең менеки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен Чолпон-Ата шаарына жол тартабыз.

Көл жээгинде бош убакыт.

Мейманканада түнөө.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамактар.

Эртең мененки тамактан кийин Петроглиф музейине жана Рух-Ордо көркөм маданият музейине чакан саякат. Бишкек шаарына сапар. Келгенден кийин мейманканага жайгашуу. Кечки бош убакыт.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамак.

Эртең мененки тамактан кийин "Манас" аэропортуна трансфер.

Тамак-аш: эртең мененки тамак.

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

270 015 (1 045 Долл)
3-455 945 (835 Долл)
5-641 875 (625 Долл)
7-835 845 (535 Долл)
Бир кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм2 010 (30 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатаканаБишкек - хостел (2 түн) 
Кочкор - конок үй (1 түн) 
Соң-Көл - боз үй (2 түн) 
Жети-Өгүз - боз үй (2 түн)  
 Каракол -  конок үй (1 түн) 
Иссык-Куль - мейманкана 3* (1 түн) 
Эскертүү:Боз үйлөрдө жашоо шарттары жөнөкөй, жуунучу бөлмө жок (душ), даараткана сыртта. Бир боз үйгө 3-6 киши жатат.
ТранспортКондиционери бар ыңгайлуу унаа (минибус)
Гид кызматтары (англ/русск)2  -  9 күн
Тамак-ашПрограммага ылайык
Кирүү төлөмдөрүКамтылган

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык учуулар
Кыргызстанга чакыруу каттары
Кыргызстанга виза
Программадан сырткары тамак-аш
Жеке чыгымдар
Камсыздандыруу

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.