Сары-Челек көлүнө 3 күндүк тур

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар
  • Эртеменки тамактануу

Сезон:


Май, Июнь, Июль, Август, Сентябрь

Мүнөздөмөлөр:

0

Kyrgyz Concept эс алуу күндөрүндө өлкөдөгү аябай кооз көлдөрдүн бири Сары-Челек көлүнө саякатка чакырат. Көл жаңгак жана мөмө-жемиш токойлору менен курчалган. Өсүмдүктөрдүн 1000ден ашык жана канаттуулардын 160тан ашык түрүн кездештирүүгө болот. Андан сырткары эс алуу багында сүт эмүүчүлөрдүн 34кө жакын түрү бар. Көлгө бара жаткан жолдун кооздугу көз жоосун алат. Тоолорду ашып өткөн жол 3500 метр бийиктикке жетет жана Суусамыр өрөөнүндө ири мүйүздүү малдарын жайып жүргөн малчыларды көрүүгө болот. Андан кийин Нарын дарыясынын төмөн жагындагы Токтогул суу сактагычына барабыз.


от 7035 KGS (105$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 3 / Түн: 2

Турду брондоо
close

Бишкек шаарынан чыгуу, Кыргызстанды түштүк жана түндүгү менен бириктирген Чычкан капчыгайы тарапка жол тартабыз. Жол ийри буйру болуп, кооздугу менен өзүнө тартат. Суусамыр өрөөнү Бишкек шаарынан 160 км алыстыкта жайгашкан. Келгенден кийин капчыгайда сейилдөө. Сапарыбызды улантабыз. Жолдон Токтогул суу сактагычына токтойбуз, эр жүрөкмүн дегендер сууга түшсө болот. Жеткенден кийин Аркыт айылынын тургундарынын үйүнө жайгашуу жана кечки тамак. Конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: камтылган эмес.

Сары-Челек көлүнө трансфер. Бийик тоолуу Сары-Челек көлү уникалдуу Сары-Челек биосфералык коругунда жайгашкан ( деңиз деңгээлинен 1873м бийитикте). Бул жер суу астынан чыгып турган жарларга бай кооз жерлердин бири. Көл катуу жер титирөөдөн кийин келип чыккан жана коруктагы 7 көлдүн ириси болуп саналат. Көлдүн суусу туптунук болгондуктан анын түбундөгү түстүү таштарды көрүүгө болот.. Көлдүн тереңдиги 234 м,  туурасы 2280 м жана узундугу 7500 м жетет. Сары-Челек коруктун борборунда жайгашкан. Коноктор бул жердин флора жана фаунасынын ар түрдүүлүгүн көрө алышат. Бул жердин аймагын көбүнчө бийик тоолор ээлеп турат.

Корукта сейилдөө. Конок үйүндө кечки тамактануу жана түнөө.

Тамак-аш: эртен мененки тамак


Бишкек шаарына жол тартабыз. Жолдон түшкү тамак ичебиз. Токтогул суу сактагычынын жана Чычкан ккапчыгайынын кооздугуна кайрадан күбө боло аласыздар.

Тамак-аш: эртен менеки тамак


ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

517 085 (255 Долл)
109 380 (140 Долл)
157 035 (105 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кищилик жатаканаАркыт  - конок үйү (2 түн)
Эскертүү:Конок үйүндө шарттар жөнөкөй. Бир кишилик жатакана жок. Бир бөлмөгө 3-6 киши жатат.
ТранспортПАлдын ала түзүлгөн маршрут менен
Гид кызматы (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашПрограммага ылайык (эртең мененки тамактардын алкагында)
Кирүү төлөмдөрүПрограммага ылайык

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык/өлкө ичиндеги учуулар
Жеке чыгымдар
Тамак-аш
Камсыздандыруу

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.