Кыргызстандын гүлдөрүнө саякат

Баанын ичинде:

Мезгил:


Апрель, Май, Июнь, Июль, Август

Мүнөздөмөлөр:

0

Кыргызстандын өүмдүктөр дүйнөсү төрт миңге жакын түрдү камтыйт. Деңиз деңгээлинен 300 метр бийиктикте альпы тоолорунда эдельвейстер, каакымдар, альпы астралары жана башка гүлдөрдүн түрү өсөт. Белгилүү убакыттарда тоолордун беттери мандалактарга жана кызгалдактарга толуп калат.

от 53600 KGS (800$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 12 / Түн: 11

Турду брондоо
close

“Манас” аэропортуна конуу, жергиликтүү гид жана айдоочу менен жолугуу жана шаарга трансфер. Шаар ичине чакан экскурсия,Чуңкурчак капчыгайындагы улуттук биологиялык корукка трансфер. Бул корук бийиктиги 170 см жеткен сейрек кездешүүчү мандалактардын түрүн сактап калуу максатында ачылган. Кыргызстанда жапайы мандалактардын 22 түрү өсөт. Алардын ичинен 8 түрү кызыл китепке кирген, сейрек кездешет. Алардын ичинен “жашыл мандалак” таанымал түр. Кечинде “Кара-Булак” эко-курортуна жайгашуу жана кечки тамак.

Тамак-аш: кечки тамак

Капчыгайда бир күн кечке экскурсия жана жапайы гүлдөрдү изилдөө.

Тамак-аш: үч маал

Чычкан капчыгайына жол тартабыз. Төө-Ашуу жана Ала-Бел (3184м) ашуулары аркылуу өтөбүз. Суусамыр өрөөнүнө токтоп кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымыз ичебиз. Суусамырга бара жаткан жол өлкөдөгү кооз жолдордун бири олуп эсептелет. Бул жол ийри-буйру болуп тоонун боору менен кетет.

Конок үйүндө кечки тамак.

Тамак-аш: үч маал

Сары-Челек биосфералык коругунда жайгашкан Аркыт айылына жол тартабыз. Бул корук Чаткал тоолорундагы Аркыт капчыгайынан орун алган. Корук 1959-жылы кол тие элек жаратылыш байлыктарын : чокусун мөңгү баскан тоо кыркаларын жана түз талааларды, тоо булактары жана дарыяларды, гүлдүү өрөөндөрдү жана флора, фауна ар түрдүүлүгү бар альпы талааларын коргоо максатында негизделген. Бул чакан коруктан 1000ден ашык өсүмдүктүн түрлөрүн, 160 канаттуу түрүн жана 34кө жакын сүт эмүүчүлөрдүн (аюу, карышкыр, түлкү, илбирс ж.б)  түрлөрүн көрө аласыңар. Андан сырткары өлкөнүн түштүк-чыгышында чакан көлдөр бар ( Кайла Көлөм, Ийри көл, Арам Көл, Черек көл жана Бакалуу көл). Сары-Челек жаратылыш коругунун таасири астында бул жердин климаты жагымдуу. Коруктун көбүрөөк бөлүгүн жаңгак токою, алмалар жана алмуруттар ээлейт.

Жергиликтүү үй бүлөнүн конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: үч маал.

Бир күн кечке Сары-Челек көлүнүн флора жана фаунасын изилдөө.

Аркыт айылында конок үйдө түнөө.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Арстанбапка трансфер. Арстанбап өрөөнү Дашман коругунан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан, бул жерден Кыргызстандын ири жаңгак токойлору орун алган. Арстанбап деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан жана укмуштай кооздукка ээ. Жаңгак бактары 1000 жылга чейин жашап, чоң көлөмдө болушат. Көпчүлүк мусулмандар үчүн мөмө-жемиш токойлору ыйык деп эсептелинет. Уламыштар боюнча байыркы заманда бул жакта эмгекчил Арстанбап деген киши жашаган экен жана ал Мухаммед Пайгамбарыбызга (с.а.в) кызмат кылчу экен.

Конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: үч маал

Жаңгак токоюуна жана  шаркыратмага экскурсия.

Тамак-аш: үч маал

Эртең мененки тамактан кийин Ош шаарына жол тартабыз. Ош шаарынан бир аз эс алып алып Баткен шаарына чыгабыз.

Жергиликтүү үй бүлөнүн конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар.

Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүгүнөн орун алган жана Борбордук Азиядагы өрүктөрдүн түшүмдүүлүгү жогору болгон жер болуп саналат. Өрүк жергиликтүү калктын негизги киреше булагы. Жергиликтүү калк аны терип, тазалап андан шире, варенье жана как жасашат.

Баткен облусунун Кара-Булак айылынан алыс эмес жагындагы Айгүл-Таш тоосунда эндемик Айгүл гүлү өсөт. Бул гүл ушул гана жерде өсөт, буга чейин гүлдү Афган тоолорунан гана көрүшкөн.

Жергиликтүү конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: үч маал.

 Эртең мененки тамактан кийин Ош шаарына чыгабыз. Күндүн экинчи жарымында ыйык Сулайман-Тоого, тоонун үстүндөгү Бабурдун мавзолейине, Улуу Жибек жолу музейине, Алымбек Датка этнокомплексине жана Ош чыгыш базарына экскурсия.

Жергиликтүү конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: эртең менеки жана түшкү тамак.

Бир күн кечке жол жүрөбүз. Бишкек шаарына келүү жана мейманканада түнөө.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамактар

Бишкектен кетүү. Аэропортко трансфер.

Тамак-аш: эртең менеки тамак.

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

108 540 (1 620 Долл)
3-4 84 755 (1265 Долл)
5-6 62 980 (940 Долл)
7-8 53 600 (800 Долл)
Бир кишилик жатканага кошумча төлөм10 050 (150 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт


ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатакана Татыр капчыгайы - эко-резорт (2 түн)
 Чычкан капчыгайы- конок үй (1 түн)
Аркыт -конок үй (2 түн)
Арстанбап- конок үй (2 түн)
Баткен - конок үй (2 түн)
Ош - конок үй (1 түн)
Бишкек - мейманкана 3* (1 түн)
ЭскертүүЖеке конок үйлөрдө шарттар жөнөкөй, экологиялык таза азыктардан даярдалган даамдуу тамак. Даараткана  жана жуунучу бөлмө сыртта . Боз үйгө 3 кишиден 6 кишиге чейин жатат, бир кишилик жатакана жок.
ТранспортКондиционери бар ыңгайлуу унаа
Гид кызматтары (англ/русск) Камтылган
Тамак-ашПрограммага ылайык
Кирүү төлөмдөрүПрограммага ылайык
Тамчы айылындагы кийиз жана кол өнөрчүлүк боюнча салтанатКамтылган
Суу1 литр киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык учуулар
Виза/Кыргызстанга чакыруу
Шаарга келгенде мейманканага эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Программадан сырткары тамак-аш
Жеке чыгымдар

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.