Кыргызстанга кышкы тур

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар
  • Фольклор шоу

Мезгил:


Январь, Февраль, Март, Ноябрь, Декабрь

Мүнөздөмөлөр:

0

Кыргызстанда Каракол шаарында эң чоң тоо лыжа базасы бар, ал өлкөнүн сыймыгы. Андан сырткары өлкөдө кыш мезгилинде лыжа, чана тебүүгө, сноубордко ылайыктуу  көптөгөн жерлери бар.


от 30820 KGS (460$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 7 / Түн: 6

Турду брондоо
close

Жергиликтүү гид менен таанышуу жана Бишкек шаарына трансфер. Шаарга экскурсия: Ала-Тоо аянты, ачык асман алдындагы көркөм сүрөт галереясы, Эркиндик бульвары, Эмен жана Панфилов эс алуу багы. Мейманканага жайгашуу. Мейманканада түнөө.

Тамак-аш: камтылган эмес

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлгө сапар алабыз (түндүк тарабы менен). Жолдон “Бурана” мунарасына, ачык асман алдындагы музейге жана балбар таштарга экскурсия. Музейдин ичинде идиш-аяк, тыйындар, скульптуралар жана башка архитектуралык эстеликтер бар. Чолпон-Ата шаарына келгенден кийин Рух-Ордо көркөм маданият борборуна экскурсия. Мейманканада түнөө.

Тамак-аш: эртең мененки тамак.

Көлдүн алыскы чыгышында жайгашкан Каракол шаарына жөнөйбүз. Шаарга келүү жана конок үйүнө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында мыксыз жыгачтан курулган орустардын чиркөөсүнө, Дунган мечитине ( дунгандар – Батыш Кытайдан келген этникалык мусулман кытай эли) жана 19-кылымдагы орус айылын элестеткен Купеческий Проезд көчөсүнө экскурсия болот. Мындан сырткары, жергиликтүү аялдар жасаган сувенирлер дүкөнүнө кирип чыгабыз. Конок үйүнө түнөө жана кечки тамак.

Тамак-аш: эртең мененки тамак

Эртең мененки тамактан кийин Каракол тоо лыжа базасына трансфер. Коноктор транспорттук унааларын 4WD Jeep жана 4WD Delica minivanга алмаштыруу керек болот. Бир күн кечке бош убакыт, тоонун таза абасы менен дем алып, лыжа тээп эс алгыла. Түштөн кийин Каракол шаарына кайтабыз. Конок үйүндө түнөө. 

Тамак-аш: эртең мененки тамак

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен Чоң-Кемин өрөөнүнө жол тартабыз. Жолдон Жети-Өгүздөгү жарларды (жети өгүз формасындагы) көрө кетебиз. Калмак-Ашуу айылына келүү жана Ашуу конок үйүнө жайгашуу.

Тамак-аш: үч маал

Калмак-Ашуу өрөөнүнө эртең мененки сейилдөө. Айылда жөө сейилдөө жана айылдын жашоочулары жана алардын турмуш-тирчилиги менен таанышуу.

Түштөн кийин Бишкек шаарына кайтуу. Мейманканага жайгашуу. Ош базарына экскурсия. Жергиликтүү ресторанда фольклордук кеченин коштоосунда коштошуу  кечки тамагы. Мейманканада түнөө.

Тамак-аш: үч маал

Мейманкандан саат 12:00го чейин чыгып кетүү. Аэропортко трансфер.

Тамак-аш: эртең мененки тамак

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

63 650 (950 Долл)
3-4 53 935 (805 Долл)
5-6 40 200 (600 Долл
7-8  34 170 (510 Долл)
9-10 30 820 (460 Долл)
Бир кишилик жатаканага кошумча төлөм7 705 (115 Долл)

Кичинекей балдар (жаш өзгөчөлүгүнө көз каранды) үчүн турдун баасын билүү үчүн бизге кайрылыңыз (tours@concept.kg) 

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатакана Бишкек - мейманкана 3* (2 түнү) 
Ысык-Көл -  мейманкана  3-4* (1 түн) 
Каракол - конок үй (2 түн) 
Чоң-Кемин - конок үй (1 түн) 
ТранспортКондиционери менен ыңгайлуу унаа
Гид кызматы (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашүч маал 5-6 күндөрү
Кирүү төлөмдөрүПрограммага ылайык
 Бишкекте фольклордук кечеКамтылган
Суу1 литр киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык учуулар
Кыргызстанга чакыруу/виза
Мейманкана: эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Программадан сырткары тамак-аш
Жеке чыгымдар
Каракол шаарындагы тоо лыжа базасына кирүү төлөмдөрү

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.