Кыргызстан боюнча эки жумалык маданий жерлерге тур

Баанын ичинде:

Сезон:


Июнь, Июль, Август, Сентябрь

Мүнөздөмөлөр:

0

Кыргызстан кооз жаратылышы, бийик тоолору жана көз талдырган альпы көлдөрү менен таанымал. Бул экскурсияда коноктор  өлкөнүн бардык кооз жерлерин көрө алышат. Бир жерден экинчи жерге жүрүүдө жолдордун кооздугуна суктанып бүтпөйсүң.

Турдун алкагында өзгөчө жерде жайгашкан Соң-Көлгө, Ысык-Көлдүн тегерегине жана ошондой эле Кербен-Сарай, Таш-Рабатка барасыңар. Бул жактан силер кыргыз элинин тамак-ашы, салттары жана кол өнөрчүлүгү менен жакшылап таанышасыңар.

от 63650 KGS (950$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 14 / Түн: 13

Турду брондоо
close

Бишкек шаарына конуу жана гид менен жолугуп шаарга трансфер. Шаарга болгон тааныштыруу экскурсиядан кийин  мейманканага жайгашуу (стандарттык жайгашуу убактысы саат 14:00гө чейин). Кечки бош убакыт. Түшкү жана кечки тамак өзүңөрдөн.

Тамак-аш: камтылган эмес

Эртең менен гид жана айдоочу менен жолугуу жана батыш тарапка Чоң-Кемин өрөөнүнө сапар алабыз. Жолдон “Бурана” мунарасын, ачык асман алдындагы чакан музейди жана балбал таштарды көрө кетебиз. Калмак-Ашуу айылына келүү жана Ашууда Eco Lodge катталуу. Күндүн экинчи жарымында ат менен Калма-Ашуу капчыгайына экскурсия. Андан кийин тоого чыгуу жана эс алуу. Конок үйүнө келүү жана эс алуу убактысы. Айылды кыдырып айылдагы жашоочулар менен таанышып келсеңер да болот. Түшкү жана кечки тамактар тапчанда.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түндүгү менен укмуштай кызыл жарларга бай жана “жети өгүз” формасы бар Жети-Өгүз районуна жөнөйбүз. Жолдон ачык асман алдындагы Петроглиф (ташка чегилген жазуулар) музейине жана Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо көркөм маданият комплексине экскурсия болот. Каракол шаарына келүү  жана чакан экскурсия: Пржевальскийдин музейи, Дунган мечити жана Орустардын чиркөөсү, Купеческий проезд көчөсү жана "Бир айыл-бир продукт" жергиликтүү дүкөнү. Андан ары Жети-Өгүз өрөөнүнө сапар жана Көк-Жайык жайлоосунда боз үйлөргө жайгашуу .

Кечки тамак жана түнөө боз үйдө.

Эскертүү* боз үйдө жашоо салтка айланган көрүнүш, башкача айтканда дааратканага сыртка чыгасыңар, бир кишилик орун жок, бир боз үйдө 3 же  4 киши жатат. Күндүн экинчи жарымында жакынкы тоолорго жана шаркыратмага экскурсия.

Тамак-аш: үч маал

Эртең менен Жети-Өгүздүн тоолоруна экскурсия. Андан кийин Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен Соң-Көлгө жол тартабыз. Жолдон Кочкор айылына токтоп жергиликтүү сувенир саткан “Алтын Кол” дүкөнүнө кирип чыгабыз. Көлгө бара жактан жолдо жаратылыштын кооздугун, боз үйлөрдөгү көчмөн элдерди жана талаада жүргөн аттарды көрөсүңөр. Жолдон токтоп жергиликтүү эл  менен таанышып, боз үйлөргө кирип даам сызып, кымыз ичсеңер болот. Жергиликтүү үй бүлө менен түшкү тамактануу. Боз үйдө түнөө.

Тамак-аш: үч маал. 

Көл жээгинде бир күн кечке эс алуу жана жакынкы аралыктагы тоолорго чыгуу. Коноктор көчмөн калктын күнүмдүк турмуш-тиричилиги менен жакындан тааныша алышат. Мисалга алсак уй жана бээ сааганы, нан бышырганы жана сүт азыктарын даярдоо иштери. Жергиликтүү калк чет тилде сүйлөбөсө да меймандостугун көрсөтүп, конокторду жылуу кабыл алышат. Кечки тамак жана түнөө боз үйдө.

Тамак-аш: үч маал.

Таш-Рабатка сапар алабыз. Жолдон Нарын шаарына токтоп жергиликтүү кафеде түшкү тамак ичебиз. Кербен-Сарай Таш-Рабат Нарындан 90 км жана Ат-Башы айылынан 60 км алыстыкта жайгашкан орто кылымдарга таандык уникалдуу эстелик. Бул жер таш жана акиташтан тургузулган жана курулуш каражаттардын бардыгы коңшу өрөөндөн ташылып келинген. Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Чындыккак көбүрөөк жакын делип 15 кылымда соодагерлер үчүн туруктуу короо болгон деп айтылып келет. Кербендер Чүй жана Фергана өрөөнүнөн соода жолдору менен Кашкарга жол тартышкан. Таш-Рабаттын бийиктиги 20 м жана анын ичинде лабиринтти түзгөн 31 бөлмө бар. Кербен-Сарай өрөөнүнүн жашыл жаратылышында Таш-Рабат күчтүү жана урагыс чеп болуп көрүнөт. Таш-Рабатка жетүү жана негизги шарттары бар боз үйлөргө жайгашуу. Кербен-Сарайга жана жакынкы тоолорго экскурсия.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Эки Нарын өрөөнүнө барабыз. Дал ушул жактан чоң жана кичине агымдар кошулуп эң чоң Нарын дарыясына кошулат. Андан сырткары бул жакта кызыл карагайлар өскөн “Салкын Төр” улуттук коругу бар. Корукта аюулар, камандар, тоо эчкилер жана илбирстер бар. Коруктун негизги максаты бугуларды сактап калуу. Кол тие элек жана укмуштай кооз жаратылышы бар бул өрөөн эч кимди кайдыгер калтырбайт. Коноктордун тандоосуна жараша Эки Нарында түнөп калса болот же Нарынга барып конок үйүндө түнөсө да болот.

Тамак-аш: үч маал

Бул күн узун бирок унутулгус болот. Кол тие элек жана жапайы жаратылышты көрөсүңөр. Жолдордун көчүлүгү Совет мезгилинде курулган. Коноктор өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө чейин жол жүрүшөт. Казарман чакан айыл. Бул жерде конок үйүндө калсаңар болот

Тамак-аш: үч маал

Коноктор Кргызстандын экинчи борбору Ош шаарына чейин барышат. Жолдон күрүчтүн түрүн өстүргөн Өзгөн шаарына токтойбуз. Андан кийин күрүч базарына жана тарыхый мунарага барабыз. Ошко келгенде жергиликтүү кафеде түшкү тамакка Өзгөндүн күрүчүнөн дярдалган палоо менен тамактанасыңар. Ош шаарына жетүү, коно үйүнө жайгашуу. Кечки бош убакыт.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамактар

Бир күн кечке Ош шаарына экскурсия. Жарым күн Оштун базарын кыдырабыз, андан кийин Алишер Навои атындагы эс алуу багында сейилдөө. Ал жактан шахмат ойноп, чай ичип отурган кары кишилерди көрөсүңөр. Күндүн экинчи жарымында Сулайман Тоого чыгып үңкүр музейин, Жибек жолу музейин жана Алымбек Датка комплексин кыдырабыз. Түшкү тамак өзбек тамагы менен жергиликтүү өзбек үй бүлөнүн үйүндө. Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар

Жаңгак токойлору менен атагы чыккан Арстанбапка жол тартабыз. Жолдон тарыхый Өзгөн мунарасын жана мавзолейди көрүү үчүн Өзгөн шаарына токтойбуз. Арстанбапка келүү, жергиликтүү конок үйүнө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында жаңгак токоюна жана шаркыратмага экскурсия

Тамак-аш: үч маал

Токтогулга Таш-Көмүр гидроэлектрстанциясы жана Токтогул суу сактагычы аркылуу өтөбүз. Токтогулда конок үйгө жайгашуу.

Тамак-аш: үч маал

Бишкек шаарына бара жаткан жол Кыргызстанда жаратылышынын кооздугу менен атактуу. Жол Чу дарыясынын жээги менен өтөт жана коноктор ак кар баскан мөңгүлөрдөн, түптүз өрөөндөргө чейин көрө алышат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жер Суусамыр өрөөнүндө (3586м), бул жакта малчылар малдарын жайып, жайлоого чыгышат. Жолдогу кафелерде түшкү тамактануу. Бишкекте үй бүлөлөр үчүн эң ыңгайлуу чакан мейманканага жайгашуу. Кечки бош убакыт. Жергиликтүү ресторанда коштошуу кечки тамагы.

Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар

Мейманканадан сааат 12:00го чейин чыгуу. Аэропортко трансфер.

Тамак-аш: эртен мененки тамак

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

2 (чоңдор)134 670 (2 010 Долл)
3-4 (чоңдор)103 515 (1 545 Долл)
5-6 (чоңдор)75 710 (1 130 Долл)
7-8 (чоңдор)63 650 (950 Долл)
Бир  кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм5 025 (75 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатаканаБишкек - мейманкана 3 (2  түн)
Чоң-Кемин - конок үй (1түн) 
Жети-Огуз - боз үй (1 түн)
Кочкор - конок үй (1түн) 
Соң-Көл - боз үй (2 түн)
Таш-Рабат - боз үй (1 түн)
Нарын - конок үй (1түн)  
Казарман - конок үй (1түн)  
Ош - конок үй (   (2 түн) 
Арстанбап - конок үй (1түн)  
Токтогул - конок үй (1түн)  
ЭскертүүКонок үйүндө шарттар жөнөкөй. Бир кишилик жатакана жок. Бир бөлмөгө 3-6 киши жатат. Даараткан сыртта.
ТранспортКондиционери менен ыңгайлуу унаа
Гид кызматы (англ/орус) Камтылган
Тамак-ашПрограммага ылайык
Кирүү төлөмдөрүПрограммага ылайык
Тамчы айылындагы кийиз жана кол өнөрчүлүк боюнча салтанатКамтылган
Суу1 литр/киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАр

Эл аралык учуулар
Виза/Кыргызстанга чакыруу
Мейманкана: эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Программадан сырткары тамак-аш
Жеке чыгымдар

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.