Кыргызстанда "Көчмөндөр баскан жол менен" туру

Баанын ичинде:

Мезгил:


Июнь, Июль, Август, Сентябрь

Мүнөздөмөлөр:

0

Орто Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу, кыргыздар дайыма көчмөн жашоого жакын болушкан. Бул тур кыргыздардын накта көчмөн калк экендигин тастыктаган отто тамак жасоо, нан бышыруу ж.б күнүмдүк ушул сыяктуу иштери менен тааныштырат.


от 46900 KGS (690$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 10 / Түн: 9

Турду брондоо
close

Бишкек шаарындагы аэропортко конуу (рейс алдын ала такталат), айдоочу менен жолугуу, ал конокторду шаарга алып келет. Эгер аэропортко эрте келип конгон учурда мейманканага эрте жайгаштырылат. Мейманканага жайгаштыруунун стандарттык убактысы: саат 14:00дөн башталат. Шаар ичинде жарым күндүк экскурсия жайлары: Ала-Тоо аянты, Мамлекеттик тарых музейи (азыркы убакта реконструкцияга жабык, кулжа айында ачылуусу күтүлүүдө), көркөм галерея, Панфилов эс алуу багы, Эмен багы, Эркиндик бульвары, Мамлекеттик сүрөт музейи, Жеңиш аянты, эки жогорку окуу жайдын ортосунда жайгашкан (мамлекеттик жана эл аралык жогорку окуу жайлар) жаштар аллеясында сейилдөө, Улуттук филармония, Манас жана манасчылардын эстеликтери жана шаардын мэриясы.

 Эгер убакыт жетиштүү болсо Ош базарына барабыз. Базардан өздөрүнүн азык-түлүктөрүн сатып отурган сатуучуларды, бардык жаштагы кишилерди жана Кыргызстанда жашап жаткан түрдүү этникалык топтогу улуттардын өкүлдөрүн карап отуруп орто азиялыктардын жашоосунун маанисин биле аласыз. 

Мейманканага баруу.

Тамак-аш: камтылган эмес.

Эртең менен гид жана айдоочу менен жолугуу жана укмуштай кооз, кол тие элек жаратылышы менен туристтик жерге айланган Чоң-Кемин өрөөнүнө жолго чыгабыз. Жолдон “Бурана” мунарасын, эшиктеги чакан музейди жана балбал таштарды көрө кетебиз. Мунаранын башына чынып өрөөндүн кооз жаратылышын көрө аласыңар. Калмак-Ашуу айылына келүү жана жергиликтүү конок үйүнө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында Калма-Ашуу капчыгайына саякатка чыгабыз. Конок үйүнө кайтуу. Айылды жөө кыдырып, жергиликтүү калк менен таанышып, айыл менен кененирек таанышсаңар болот.

Кошумча кызматтар (кошумча акы төлөнөт):

- Ат менен сейилдөө

Тамак-аш: үч маал

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түндүк тарабы менен Каракол шаарына жол тартабыз. Чолпон-Ата шаарында бир аз убакыт болуп ачык асман алдындагы Петроглиф (ташка чегилген жазуулар) музейине жана Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо көркөм маданият комплексине экскурсия болот. Көлдүн алыскы чыгышында жайгашкан Каракол шаарына жөнөйбүз. Келгенден кийин Күндүн экинчи жарымында мыксыз жыгачтан курулган орустардын чиркөөсүнө, Дунган мечитине ( дунгандар – Батыш Кытайдан келген этникалык мусулман кытай эли) жана 19-кылымдагы орус айылын элестеткен Купеческий Проезд көчөсүнө экскурсия болот. Мындан сырткары, жергиликтүү аялдар жасаган сувенирлер дүкөнүнө кирип чыгабыз. Конок үйүнө түнөө.

Тамак-аш: үч маал 


Таң эрте ачыла турган мал базарына барсаңар болот (жекшемби күндөрү гана иштейт). Эртең мененки тамактан кийин укмуштай кызыл жарларга бай жана “жети өгүз” формасы бар Жети-Өгүз районуна жөнөйбүз. Андан ары Көк-Жайыкка барабыз (гүлдүү өрөөн).

Боз үйдө жайгашуу.

Эскертүү* боз үйдө жашоо салтка айланган көрүнүш, башкача айтканда дааратканага сыртка чыгасыңар, бир кишилик орун жок, бир боз үйдө 3 же  4 киши жатат. Күндүн экинчи жарымында жакынкы тоолорго жана шаркыратмага экскурсия.

Тамак-аш: үч маал.

Боз үйдө эртең мененки тамактануудан кийин Ысык-Көлдүн түндүгү менен Кочкор айылына жолго чыгабыз. Жолдон Барскоон өрөөнүнө токтойбуз. Капчыгайдын башында сейрек кездешүүчү бадалдар жана талаа чөптөрү өсөт. Каньондун эки жагында тең чоң Тянь-Шань карагайлары өсүп турат. 2800 метрден кийин дары өсүмдүктөрдүн тобун көрүүгө болот. Андан сырткары ал жакта өзгөчө эстеликтер бар, биринчи космонавт Юрий Гагарин ж.б ушул сыяктуу. Коноктор капчыгайды курчап турган тоолордун  кар баскан чокуларын көрө алышат. Алардын эң бийиги болуп Баатыр Панфиловчулардын чокусу эсептелет (4610м), ал эми эң эле кооз чоку  - Бүткүл дүйнөлүк Тынчтык Совети эсептелет (4310м). Барскоон капчыгайы шаркыратмалары менен таанымал. Алардын аттары да өзгөчө: Илбирстин көз жашы, Чалдын сакалы, Шампанскийдин чачырандысы жана Манастын кубогу. 

Жомок Каньонуна саякат. Түшкү тамак өзүбүз менен алып алабыз. Каньон көп жылдар аралыгында шамалдын таасири астында ар түрдүү формага айлангандыгынан ушундай аталышты алган. Каньондогу кээ бир формалар белгилүү обьекттер менен окшошуп кетет жана ошого жараша атап коюшкан. Мисалга алсак бир тоо кыркасын “Кытай Дубалы” деп атап коюшкан, анткени ал “Улуу Кытай дубалы-сепилине” окшош. Андан сырткары ажыдаар, бегемот, жылан, уктап жаткан алп жаныбарга окшош статуяларды жана көптөгөн чептерди көрө аласыңар. Бул статуялар укмуштай формасынан сырткары ар кандай түскө да ээ. 

Кочкор айылына жетүү жана конок үйүнө жайгашуу. Эгер убакыт жетиштүү болсо жергиликтүү кол өнөрчүлүк "Алтын Кол " дүкөнүнө киребиз.

Тамак-аш: үч маал.

Соң-Көл Борбордук Тянь-Шаньдагы тоолуу көл болуп саналат. Көлдүн жээги жайында мал жаюу үчүн сонун жер. Ошондуктан келген коноктор жанында койлор, уйлар, аттар жайылып жүргөн көп сандагы боз үйлөрдү таба алышат. Андан сырткары кырларда жай кетип бара жаткан төөлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгү да бар. Жолдон токтоп жергиликтүү калк менен таанышып, боз үйлөргө кирип даам сызып, кымыз ичип кетсе болот. Соң-Көлгө келүү жана боз үйлөргө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында эс алуу үчүн бош убакыт.

Тамак-аш: үч маал.

Көл жээгинде бир күн кечке эс алуу жана жакынкы аралыктагы тоолорго чыгуу. Коноктор көчмөн калктын күнүмдүк турмуш-тиричилиги менен жакындан тааныша алышат. Мисалга алсак уй жана бээ сааганын, нан бышырганын жана сүт азыктарын даярдоо иштери. Жергиликтүү калк чет тилде сүйлөбөсө да меймандостугун көрсөтүп, конокторду жылуу кабыл алышат. Кечки тамак жана түнөө боз үйдө.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Кызыл-Ой айылына сапар алабыз.

Жергиликтүү конок үйүндө түнөө.

Тамак-аш: үч маал.

Тоонун боору менен кеткен Төө-Ашуу ашуусу аркылуу Бишкек шаарына сапар алабыз  жана жолдон токтоп кымыз ичүүбүз мүмкүн. Суусамырга кеткен жол Кыргызстандагы эң кооз жолдордун бири болуп саналат. Бишкек шаарына келүү. Күндүн экинчи жарымында бош убакыт, өз алдынча сейилдеп, шаарды кыдырууга болот.

Тамак-аш: эртең менеки жана түшкү тамактар.

Бишкек шаарынан кетүү. Аэропортко трансфер.

Тамак-аш: камтылган эмес

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

291 120 (1 360 Долл)
3-474 370 (1 110 Долл)
5-654 605 (815 Долл)
7-846 230 (690 Долл)
Бир  кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм4 355 (65 Долл)

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатаканаБишкек - 3* мейманкана ( 2 түн)  
Кочкор - жеке конок үй (1 түн) 
Жети-Огуз - боз үй (1 түн) 
Каракол -конок үй (1 түн)  
Чоң-Кемин - конок үй (1 түн)
Кызыл-Ой - жеке конок үй (1 түн)  
Эскертүү: Конок үйдө жашоо шарттары жөнөкөй,   экологиялык жактан таза жер-жемиштерден даярдалган үйдүн тамагы.   Даараткана жана жуунучу бөлмө бардыгына бир.   Башка бөлмөлөр бош болгон учурда бир кишилик бөлмө берилет,  бир бөлмөгө 3 же 6 киши жатат.  Боз үйдө эч кандай шарттар жок, даараткана сыртта, бир боз үйгө 3төн 6 кишиге чейин жайгашат.
ТранспортКондиционери бар ыңгайлуу унаа (минибус)
Гид кызматтары (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашПрограммага ылайык
Кирүү төлөмдөрүКамтылган
Суу1 литр киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАР

Эл аралык учуулар
Чакыруу/Кыргызстанга виза
Мейманкана: эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Жеке чыгымдар
Чоң-Кеминде ат менен сейилдөө

Чоң-Кеминде боорсок шоу

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Команда IN

скоро...

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.