Кыргызстан боюнча 20 күндүк тур

Баанын ичинде:

Сезон:


Июнь, Июль, Август, Сентябрь

Мүнөздөмөлөр:

0

Кыргызстанда 20 күндү эстен кеткис кылып өткөрүңүз.  Ысык-Көл, Соң-Көл жана Арстанбап жаңгак токоюна барасыңар. Андан сыркары улуттук даамдардан сызып көчмөндөрдүн жашоосу менен жакындан тааныша аласыңар.


от 125290 KGS (1870$)
МЫКТЫ БАА

Күн: 20 / Түн: 19

Турду брондоо
close

Бишкек шаарына конуу жана гид менен жолугуп шаарга трансфер. Шаар менен тааныштыруу экскурсия же кечке чейин бош убакыт.

Бишкекте үй бүлөлөр үчүн эң ыңгайлуу чакан мейманканага жайгашуу. (стандарттык жайгашуу убактысы саат 14:00дөн кийин). 

Тамак-аш: камтылган эмес

Эртең менен гид жана айдоочу менен жолугуу жана  Чоң-Кемин өрөөнүнө сапар алабыз. Жолдон “Бурана” мунарасын, ачык асман алдындагы чакан музейди жана балбал таштарды көрө кетебиз. Калмак-Ашуу айылына келүү жана Ашууда Eco Lodge катталуу. Күндүн экинчи жарымында  Калмак-Ашуу капчыгайына экскурсия. Андан кийин тоого чыгуу жана эс алуу. Конок үйүнө келүү жана эс алуу убактысы. Айылды кыдырып айылдагы жашоочулар менен таанышып келсеңер да болот. Түшкү жана кечки тамактар тапчанда.

Кошумча акы төлөп ат менен сейилдесе болот.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Ысык-Көлдүн түндүк тарабына жол тартабыз. Жолдон Тамчы айылына токтойбуз, ал жактан жергиликтүү калк тозуп алып кийиз-териден кол өнөрчүлүк салтанаты менен тааныштырат. Салтанаттан кийин жергиликтүү үй-бүлө менен түшкү тамактануу.  Ачык асман алдындагы Петроглиф (ташка чегилген жазуулар) музейине жана Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо көркөм маданият комплексине экскурсия болот. 
Үй бүлөлүк курортко жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында көлгө түшүү  же бош убакыт.

Мейманканада кечки тамак.

Тамак-аш: үч маал

Бир күн кечке бош убакыт. Кошумча акча төлөп катерде сүзүүгө болот.

Тамак-аш: үч маал.

Жарым күнгө Семенов капчыгайына экскурсия. Жеңил треккинг жана эс алуу. Жаратылыш койнунда  тамактануу. Семенов капчыгайы Чолпон-Ата шаарынан 40 км алыстыкта жайгашкан. Мөңгүдөн агып келген Ак-Суу дарыясы өрөөнгө агып түшөт. Капчыгайдын бети Тянь-Шань карагай токою менен жана жыпар жыттуу чөптөр менен капталып турат. Одуракай жарлар менен жашыл бактар бири-бирине жарашып өзгөчө сулуукту жаратат. Ак-Суу дарыясынын башталышынан турган шаркыратма жана Сүттүү-Булак көлү Семенов капчыгайынын маданий жерлери болуп саналат. Капчыгайдан чыгып Каракол шаарына сапар алабыз. Шаарга кирерден мурда жолдон Пржевальскийдин музейине кирип чыгабыз.

Конок үйүнө жайгашуу.

Күндүн экинчи жарымында мыксыз жыгачтан курулган орустардын чиркөөсүнө, Дунган мечитине ( дунгандар – Батыш Кытайдан келген этникалык мусулман кытай эли) жана 19-кылымдагы орус айылын элестеткен Купеческий Проезд көчөсүнө экскурсия болот. Мындан сырткары, жергиликтүү аялдар жасаган сувенирлер дүкөнүнө кирип чыгабыз. Жергиликтүү уйгур үй бүлөнүн үйүндө уйгур тамактары менен түшкү тамактануу.

Тамак-аш: үч маал.

 

Алтын Арашан өрөөнүнө бир күндүк экскурсия жана тоого чыгуу. Жаратылыш койнунда тамактануу. Жеңил унаанын ордуна 4WD жүк ташуучу унаа менен кетебиз, анткени жеңил унаа өрөөнгө чыга албайт. Алтын Арашан Каракол шаарынын түштүк-чыгышынан 20 км алыстыкта, бийиктиги 4260 м жеткен Палатка чокусу орун алган Альпы өрөөнүндө жайгашкан. Өрөөн ак илбирс жана жапайы аюулардын бир канча түрү бар, укмуштай кооз жапайы жаратылышы менен таанымал мамлекеттик “Арашан” коругунун бир бөлүгү болуп саналат. Алтын Арашан Каракол шаарынын жанындагы эл көп барган жер болуп эсептелет. Күндүн экинчи жарымында Каракол шаарына кайтып келебиз. Кечки бош убакыт.

Тамак-аш: үч маал

Эртең мененки тамактан кийин Жети-Өгүзгө жол тартабыз. Жолдон “жарылган жүрөк” жана “жети өгүз” формасындагы жарларды көрөбүз. Тоо этегине чыгып, жакынкы айылдарга көз чаптырсаңар болот. Андан кийин жайы боюу мал жаюуга ыңгайлуу жер Көк-Жайык жайлоосуна барабыз. Коноктор боз үйлөргө жайгашышат.

Эскертүү* боз үйдө жашоо салтка айланган көрүнүш, башкача айтканда дааратканага сыртка чыгасыңар, бир кишилик орун жок, бир боз үйдө 3 же  4 киши жатат. Күндүн экинчи жарымында жакынкы тоолорго жана шаркыратмага экскурсия.

Тамак-аш: үч маал



Бир күн кечке бош убакыт. Шаркыратмага чейин сейилдөө, жайлоодогу эл менен таанышып, алардын күнүмдүк тиричилиги менен таанышуу: тамак жасоо, уй сааганын жана сүт азыктарын даярдоо иштери. 

 Тамак-аш: үч маал

Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен Кочкор айылына жол тартабыз.Жомок Каньонуна саякат. Түшкү тамак өзүбүз менен алып алабыз. Каньон көп жылдар аралыгында шамалдын таасири астында ар түрдүү формага айлангандыгынан ушундай аталышты алган. Каньондогу кээ бир формалар белгилүү обьекттер менен окшошуп кетет жана ошого жараша атап коюшкан. Мисалга алсак бир тоо кыркасын “Кытай Дубалы” деп атап коюшкан, анткени ал “Улуу Кытай дубалы-сепилине” окшош. Андан сырткары ажыдаар, бегемот, жылан, уктап жаткан алп жаныбарга окшош статуяларды жана көптөгөн чептерди көрө аласыңар. Бул статуялар укмуштай формасынан сырткары ар кандай түскө да ээ. 
Ыйык Манжыл Ата өрөөнүнө барабыз. Ысык-Көлдүн түштүк тарабында Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда ыйык  Манжыл-Ата жайгашкан. Бул жер жердин түбүнөн агып чыккан  дары булактары менен таанымал, ошондуктан элдер “ыйык булактар өрөөнү” деп атап коюшат. Булактардын кээ бири ар кандай дарттарга дабаа болуп келет. Жалпысынан Манжыл-Атада 17 булак бар. Күндүн экинчи жарымында Кочкор айылына жетебиз жана жергиликтүү конок үйгө жайгашабыз. Үйдүн кожоюну менен бирге кечки тамакты даярдоого жардам берүү.

Тамак-аш: үч маал

Эртең менен Кочкор айылындагы жергиликтүү сувенир саткан “Алтын Кол” дүкөнүнө киребиз.Соң-Көлгө сапар алабыз. Көлгө бара жактан жолдо жаратылыштын кооздугун, боз үйлөрдөгү көчмөн элдерди жана талаада жүргөн аттарды көрөсүңөр. Жолдон токтоп жергиликтүү эл  менен таанышып, боз үйлөргө кирип даам сызып, кымыз ичсеңер болот. Жеткенден кийин боз үйлөргө жайгашуу. Түштөн кийинки бош убакыт. 

Тамак-аш: үч маал

Көл жээгинде бир күн кечке эс алуу жана жакынкы аралыктагы тоолорго чыгуу. Коноктор көчмөн калктын күнүмдүк турмуш-тиричилиги менен жакындан тааныша алышат. Мисалга алсак уй жана бээ сааганы, нан бышырганы жана сүт азыктарын даярдоо иштери. Жергиликтүү калк чет тилде сүйлөбөсө да меймандостугун көрсөтүп, конокторду жылуу кабыл алышат. Кечки тамак жана түнөө боз үйдө.

Тамак-аш: үч маал.

Таш-Рабатка сапар алабыз. Жолдон Нарын шаарына токтоп жергиликтүү кафеде түшкү тамак ичебиз. Кербен-Сарай Таш-Рабат Нарындан 90 км жана Ат-Башы айылынан 60 км алыстыкта жайгашкан орто кылымдарга таандык уникалдуу эстелик. Бул жер таш жана акиташтан тургузулган жана курулуш каражаттардын бардыгы коңшу өрөөндөн ташылып келинген. Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Чындыккак көбүрөөк жакын делип 15 кылымда соодагерлер үчүн туруктуу короо болгон деп айтылып келет. Кербендер Чүй жана Фергана өрөөнүнөн соода жолдору менен Кашкарга жол тартышкан. Таш-Рабаттын бийиктиги 20 м жана анын ичинде лабиринтти түзгөн 31 бөлмө бар. Кербен-Сарай өрөөнүнүн жашыл жаратылышында Таш-Рабат күчтүү жана урагыс чеп болуп көрүнөт. Таш-Рабатка жетүү жана негизги шарттары бар боз үйлөргө жайгашуу. Кербен-Сарайга жана жакынкы тоолорго экскурсия.

Тамак-аш: үч маал.

Эртең мененки тамактан кийин Эки Нарын өрөөнүнө барабыз. Дал ушул жактан чоң жана кичине агымдар кошулуп эң чоң Нарын дарыясына кошулат. Андан сырткары бул жакта кызыл карагайлар өскөн “Салкын Төр” улуттук коругу бар. Корукта аюулар, камандар, тоо эчкилер жана илбирстер бар. Коруктун негизги максаты бугуларды сактап калуу. Кол тие элек жана укмуштай кооз жаратылышы бар бул өрөөн эч кимди кайдыгер калтырбайт. Коноктордун тандоосуна жараша Эки Нарында түнөп калса болот же Нарынга барып конок үйүндө түнөсө да болот.

Тамак-аш: үч маал

Бул күн узун бирок унутулгус болот. Кол тие элек жана жапайы жаратылышты көрөсүңөр. Жолдордун көчүлүгү Совет мезгилинде курулган. Коноктор өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө чейин жол жүрүшөт. Казарман чакан айыл. Бул жерде конок үйүндө калсаңар болот

Тамак-аш: үч маал

Коноктор Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарына чейин барышат. Жолдон күрүчтүн түрүн өстүргөн Өзгөн шаарына токтойбуз. Андан кийин күрүч базарына жана тарыхый мунарага барабыз. Ошко келгенде жергиликтүү кафеде түшкү тамакка Өзгөндүн күрүчүнөн даярдалган палоо менен тамактанасыңар. Ош шаарына жетүү, коно үйүнө жайгашуу. Кечки бош убакыт.

Тамак-аш: эртең мененки жана түшкү тамактар

Бир күн кечке Ош шаарына экскурсия. Жарым күн Оштун базарын кыдырабыз, андан кийин Алишер Навои атындагы эс алуу багында сейилдөө. Ал жактан шахмат ойноп, чай ичип отурган кары кишилерди көрөсүңөр. Күндүн экинчи жарымында Сулайман-Тоого чыгып үңкүр музейин, Жибек жолу музейин жана Алымбек Датка комплексин кыдырабыз. Түшкү тамак өзбек тамагы менен жергиликтүү өзбек үй бүлөнүн үйүндө. 

Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар

Жаңгак токойлору менен атагы чыккан Арстанбапка жол тартабыз. Жолдон тарыхый Өзгөн мунарасын жана мавзолейди көрүү үчүн Өзгөн шаарына токтойбуз. Арстанбапка келүү, жергиликтүү конок үйүнө жайгашуу. Күндүн экинчи жарымында жаңгак токоюна жана шаркыратмага экскурсия

Тамак-аш: үч маал

Токтогулга Таш-Көмүр гидроэлектрстанциясы жана Токтогул суу сактагычы аркылуу өтөбүз. Токтогулда конок үйгө жайгашуу.

Тамак-аш: үч маал

Бишкек шаарына бара жаткан жол Кыргызстанда жаратылышынын кооздугу менен атактуу. Жол Чу дарыясынын жээги менен өтөт жана коноктор ак кар баскан мөңгүлөрдөн, түптүз өрөөндөргө чейин көрө алышат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жер Суусамыр өрөөнүндө (3586м), бул жакта малчылар малдарын жайып, жайлоого чыгышат. Жолдогу кафелерде түшкү тамактануу. Бишкекте үй бүлөлөр үчүн эң ыңгайлуу чакан мейманканага жайгашуу. Кечки бош убакыт. Жергиликтүү ресторанда коштошуу кечки тамагы.

Тамак-аш: эртең мененки жана кечки тамактар

Мейманканадан сааат 12:00го чейин чыгуу. Аэропортко трансфер.

Тамак-аш: эртен мененки тамак

ТОПТОГУ КИШИ САНЫ

бААСЫ СОМ МЕНЕН (ДОЛЛ)/КИШИ БАШЫНА

2 (чоңдор)216 475 (3 235 Долл)
3-4 (чоңдор)171 185 (2 555 Долл)
5-6 (чоңдор)125 290 (1 870 Долл)
Бир  кишилик жатакана үчүн кошумча төлөм8 710 (130 Долл)

Кичинекей балдар (жаш өзгөчөлүгүнө көз каранды) үчүн турдун баасын билүү үчүн бизге кайрылыңыз (tours@concept.kg) 

*Доллар менен төлөө учурунда КР Улуттук Банкынын курсу менен жүргүзүлөт

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛГАН КЫЗМАТТАР

Эки кишилик жатаканаБишкек - мейманкана 3 (2  түн) 
Чоң-Кемин - конок үй (1түн)  
Ысык-Көл -   мейманкана 3 (2  түн)  
Жети-Огүз - боз үй (2 түн) 
Кочкор - конок үй (1түн)  
Соң-Көл - боз үй (2 түн) 
 Таш-Рабат - боз үй (1 түн) 
Нарын - жеке конок үй (1түн)  
Казарман - конок үй (1түн) 
  Ош - конок үй (   (2 түн) 
Арстанбап - конок үй (1түн)  
 Токтогул - конок үй (1түн)  
ЭскертүүКонок үйүндө шарттар жөнөкөй. Бир кишилик жатакана жок. Бир бөлмөгө 3-6 киши жатат. Даараткан сыртта.
ТранспортКондиционери менен ыңгайлуу унаа
Гид кызматы (англ/орус)Камтылган
Тамак-ашПрограммага ылайык
Кирүү төлөмдөрүПрограммага ылайык
 Кийиз жана кол өнөрчүлүк боюнча салтанатКамтылган
Суу1 литр/киши башына/бир күнгө

ТӨЛӨМДҮН ИЧИНЕ КАМТЫЛБАГАН КЫЗМАТТАР

Эл аралык учуулар
Виза/Кыргызстанга чакыруу
Мейманкана: эрте жайгашуу/кеч чыгуу
Программадан сырткары тамак-аш
Жеке чыгымдар

Чоң-Кеминде ат менен сейилдөө

Соң-Көлдө ат менен сейилдөө

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне себептен 2 100 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.