Компаниянын философиясы

Биздин философияда мыкты сапаттагы товар менен кызматтарды гана эмес, адамдардын бири бирине, ошондой эле мамлекеттин коомго болгон жагымдуу жоопкерчиликтүү кызматын түзүүгө умтулабыз. Биз ийгиликтүү коомду куруудабыз.

Биздин баалуулуктар

Кардарга багыттуулук

Биз ар бир кардарыбызды Компаниябыздын эң маанилүү кишиси экенине чын жүрөктөн ишенебиз жана ошого жараша мамиле кылабыз. Кардарыбыздын муктаждыктарынын канааттануусу биздин муктаждыгыбыздын канааттануусу деп эсептейбиз. Кененирээк айтканда компаниянын кызыкчылыгы коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыгынын ичине камтылган.

Биз жумушту бөтөнчөлүк сапаттары менен бөлүштүрүп, ар бир кардарга тийиштүү сапаттын чен өлчөмүн так аныктап, кызматты эң мыкты деңгээлде аткарууга аракет кылабыз.

Жаңычылдык

Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн технологияны баалайбыз. Жаңылыкты кармайбыз, ага таң калабыз жана жумушубузда колдонобуз. Натыйжалуулугубузду жогорулаткан, эң заманбап know-how техникасын активдүү колдонууну багыттайбыз. Биз өлкөбүзгө пайдасын тийгизе турган жаңы маалыматты жана жаңы рынокторду ачабыз.

Либерализм

Эки жактуу макулдашууну ишке ашырууну баалайбыз, болгон билинер билинбес айырмалардын ар биринин бизге болгон маанисин туура түшүнүшүп, андан соң ошол макулдашуунун негизинде ишти аягына чыгабыз. Биз “келишим үстөмдүгүн” кубаттайбыз, аны менен бирге ички өнөктөштөрүбүздүн эргүү менен иш алып баруусуна шарт түзүп, башкалардан өзгөчө болушун колдойбуз. Мына ошондуктан, биз ар турдүүбүз – ийгиликтүүбүз, ар бир адамдын ою биз үчүн маанилүү, анткени бул бир жактуу аракеттин натыйжасын берет эмеспи. Күч бирдикте демекчи, жалгыздан көрө биргелешип көпкө жетишебиз. Улуу иштерди жакшы көрөбүз, креативдүүлүктү көрсөтө алган жумушубуздан рахат алып, чыгармачылык жактан өнүгөбүз. Ички таланттарыбызды, бири-бирибиздин мыкты сапаттарыбызды пайдаланып, кардарларыбызга сезимибизден боштондугубузду жана эргүүбүздү тартуулайбыз. Баалулуктарыбыз ишибиздин негизги эрежелериндеги көз караш менен ишке ашырылат.

Биздин баалуулугубуз биздин принциптерде. Алар биздин негизги иш эрежелерибиз.

Принциптерибиз

“Парома” Принциби
“Парома” Принциби

Өнөктөштөрүбузгө жана кардарларыбызга жакындоо менен алардын ар түрдүү муктаждыктарын баамдап, ар кандай мүмкүнчүлүктөрду карап көрүп, алардын ичинен эң мыктысын тандап алып, аларды бириктирүүнү жакшы билебиз.

“High” (Туу чоку) Принциби
“High” (Туу чоку) Принциби

Биз бийик максаттарды коебуз жана ага жетүүгө шыктанабыз. Алдыбызды канчалык бийик тоскоол бөгөп турса да аны өтүп максатыбызга жетебиз. Глобалдуу ойлонуп, орду менен иш алып барабыз.

“REASONABLE DOUBT”  Принциби
“REASONABLE DOUBT” Принциби

Биз башкалар чыдай албаган ийгиликке жетишебиз. Биз башкалар «мүмкүн эмес» - деген жерлерде иштейбиз. Биз татаал болгондугу үчүн миссиябызды аткара алабыз. Биз башкалардын оюна келбегенди жазайбыз жана жараткыч чечимдерди издейбиз.

“Көчмөндүк” Принциби
“Көчмөндүк” Принциби

Көчмөндөр бир жерден көчүп жатканда артында эч нерсе калтырышпайт. Баардык нерсени максималдуу түрдө колдонушат жана пайдаланышат. Биз дагы жумушубуздун сапатын сактап калуу менен бирге, кардарыбыздын жана компаниябыздын убактысын жана акчасын болушунча үнөмдөө үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө таасирдүү пайдаланабыз. Кадарларыбыз менен бекем жана узун мөөнөттүү мамиле түзүүгө чын дилибизден кызыктар болуп, компаниябыздын пайдасы үчүн этикабызды бузбайбыз.

“Easy” (Оңой) Принциби
“Easy” (Оңой) Принциби

Эң жакшы сапаттарды ойготуу үчүн өз оюбуздан чыккан күчтөрдү пайдаланабыз. Ар бир кыймыл аракетибиздин негизи биздин баалуулуктар жана көз караштар. Чоң нерсе жөнүндө ойлонуп, кичинекей аракеттен баштайбыз. Биринчи кадамды туура таштап, андан ары оңой, ылдам, багыттуу жана ийкемдүүлүк менен алдыга умтулабыз.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.